Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

ОшМУнун cтуденттери окуу жайды реформалоону талап кылууда


Ош мамлекеттик университетинин бир катар студенттери президентке, өкмөткө жана Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жазып, окуу жайды реформалоону талап кылууда. Анда окуу жайдын коррупцияга батканы айтылып, бюджеттик ачык-айкындуулук болуусу зарыл экендиги белгиленген. Ошондой эле студенттер окуу жайга дайындалчу жаңы ректор тажрыйбалуу, таза киши болушун өтүнүшүүдө.

Аталган окуу жайдын мурдагы ректору Мухтар Орозбеков Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалган болчу. Ал окуу жайды беш жыл жетектеген. Бул мөөнөт ичинде студенттер нааразы болуп бир нече жолу митинг өткөрүшкөн эле. (ErN/KKs)

XS
SM
MD
LG