Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Апрель сотунда жаңы жабырлануучулар көрсөтмө беришет


Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, кечээки соттук отурумда жабырлануучу тараптын жактоочулары апрель окуясына байланыштуу бир катар жаңы жабырлануучулардан көрсөтмө алуу өтүнүчүн сотко билдиришти. Ишти карап жаткан Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков бул өтүнүчтү канааттандырды. Натыйжада апрель окуясы боюнча суралып жаткан 300дөн ашык жабырлануучунун үстүнө дагы бир топ адам кошула турган болду. Азыркы тапта жабырлануучулардын ичинен 53ү көрсөтмө бергенге жетишти. Бүгүнкү соттук териштирүү да жабырлануучулардан көрсөтмө алуу менен уланат.

Былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 аткаминерге жана күч түзүмдөрүнүн айрым өкүлдөрүнө каршы кылмыш иши козголгон болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG