Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:35

Миң-Куш тургундарына 150 тонна ун бекер таратылат


Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Миң-Куш айылына гуманитардык жардам катары 150 тонна ун бөлүү туралуу буйрукка кол койду. Бул боюнча Мамлекеттик жана материалдык резервдер боюнча фондусуна Миң-Куш тургундары үчүн биринчи сорттогу 100 тонна, ал эми экинчи сорттогу 50 тонна ун бөлүү милдети жүктөлдү. Гумжардымды жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеткирип, Социалдык коргоо министрлигине колунда жоктор тизмесин түзүү тапшырмалары берилди. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG