Бишкек шаардык прокуратурасы Ата-Түрк сейил багындагы мыйзамсыз бөлүнгөн жер тилкелери боюнча териштирүү жүргүзүүдө. Прокурор Уланбек Халдаров 1992-жылга дейре сейил бактын аянты 107 гектарды түзсө, азыр 74 гектар болуп калганын билдирет. Учурда Бишкек шаардык прокуратурасы сейил бактан экс-президент Курманбек Баиевдин тушунда мыйзамсыз негизде бөлүнгөн 5 гектар жерге байланыштуу ачылган кылмыш ишин териштирүүдө. Шаардык прокуратура мэрия менен биргеликте мындан ары сейил бактан жер тилкелерин бөлүүгө каршы чараларды көрмөкчү. (EK)