Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:26

Ала качуу курмандыктары - "Ачылбаган гүлдөр"


"Ачылбаган гүлдөр" акциясынан. Каракол, 18-май.
"Ачылбаган гүлдөр" акциясынан. Каракол, 18-май.

Караколдо кыз ала качууга каршы жүрүш болду. “Ачылбаган гүлдөр” деген аталышта өткөн акция ала качуунун айынан өмүрүн кыйган кыздарга көпчүлүктүн көнүлүн бурууну көздөдү. Аймакта жарым жылда эле ала качуудан улам эки кыз жанын кыйган эле.

Акция ала качуу азабынан жанын кыйган Венера Касымалиеванын калтырып кеткен катын окуу менен башталды.

"Ачылбаган гүлдөр" акциясынан


“Мени баарыңар күнөөлүү кылып койдуңар. Мен эгер өз каалом менен барсам эмнеге качып кетет элем? Мени ала качып кетишти. Бирок мен баары бир ал үйгө барбайм. Алар мени ала качканы аз келгенсип дагы мени коркутканы эмнеси?! Кичине уялсаңар боло. Менин тагдырым ушундай экенин ким билиптир. Кичинемен бери түйшүк тартып, дагы эле түйшүккө малындым. Мени кудайдын алдында чоң күнөөгө батырышты”...





Маркум жан кыяр алдында калтырып кеткен бул катты чогулгандарга Кыргыз эл артисти Алтынбек Шатенов окуп берди.

18-майда өткөн “Ачылбаган күлдөр” акциясына Касым Тыныстанов атындагы университеттин студенттери жана ала качуу запкысын тарткан маркумдар Нурзат Калыкова менен Венера Касымалиеванын ата-энелери жана жакындары келген эле. Иш чаранын символу катары ар бир катышуучу колуна жазгы гүлдөрдү көтөрө келди, алар ала качууга каршы кайрылууга кол коюшту.

Акцияга кыздар гана эмес, уландар да катышты. Алардын бири Аваз Жыргалбеков кыз менен тилектеш болуп үйлөнгөндү туура көрөөрүн айтат:

- Биз жакшы эле ой менен үйлөнөлү деп жатабыз. Кыз менен таанышып “Энесин көрүп кызын ал дегендей” ата-энеси менен таанышып... Эми ала качып жаткандар өзүн таштап койгон балдар деп ойлойм. Анткени алар кыздар менен сүйлөшпөй, жакшы билбей ала качып жатышат. Анан кыз жактырбай өзүнүн өмүрүн кыйып жатат.

"Ачылбаган гүлдөр" акциясынан

“Таш түшкөн жеринде оор” деген сөздү туура деп эсептеген Айжамал Касымбекова болсо бул адатка көз карашын мындайча билдирди:

- Азыркы тапта мени ала качып кетсе, ата-энем отур десе отурат эле болчумун.

Акциянын дагы бир катышуучусу Алтынай Мусакалыева кызды зордоп нике кыюу өнөкөтүнө каршы коомчулуктун жабыла каршы чыкканына кубанууда:

- Мага бул акция жакты, себеп дегенде чындыгында мен адаммын деп эсептегендер да бул акцияны туура кабыл алат деп эсептейм Ала качуу салт эмес, илгери астына түшүп барып кызды алуу деген бар болчу. Азыркы учурда бул кылмыш деп эсептейм. Ала качууга эч кимдин укугу жок. Эгерде мени ала кача турган болсо ата-энем деле түшүнөт деп ойлойм, эгер ата-энем кал десе да мен калбайт болчумун, анткени менин да келечегим бар. Менин да сүйлөшө турган адамым бар. Мен мындай салтка каршымын.

Ала качуу азабынан жанын кыйган Венера Касымалиеванын атасы көз жашын сүртүп өксүп жатты:

- Мындан кийин менин кааларым жаштарга, ошондой ишке барбасын, жаш, жаңыдан өсүп келаткан кыздардын өмүрүн кыйбасын. Венеранын апасы каза болуп калган беш жыл мурда, ал инилерине эне ордуна эне болчу. Анан эмне кылам, азыр көз жашым токтобой бул балдарды көрүп ыйлап жатам. Бешинчи класста окууган иниси бар, ал куранды жаттап алып, мүрзөсүнө барып ыйлап куран окуп келет.

Акцияда Ысык-Көл мамлекеттик университетинин студенттери маркум курдаштары Венера менен Нурзатка арнап чыгарган ырын чогулгандарга окуп беришти. Айтмакчы, окуу жайдын изилдөөлөрү көргөзгөндөй, ала качып кеткен кыздардын 8 пайызы гана отурбай кетип калышкан, 6 пайызы ажырашып кетишкен.

“Ачылбаган гүлдөр” акциясы атактуу агартуучулар Кусейин Карасаев менен Касым Тыныстановдун эстелигинин алдына гүл коюу менен жыйынтыкталды.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG