Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Тахардагы оогандар НАТОнун чабуулуна нааразы

Ооганстандын Тахар вилайетинде 200дөн ашуун киши экинчи күн катары менен НАТОнун рейдине нааразылыгын билдирип көчөгө чыгышты. Чогулгандар операцияда карапайым 4 киши окко учканын ырасташууда. Нааразы болгондор Талокан шаарында полициянын имаратын таш баранга алып, өрт коюшкан. Тартип коргоочулар элди таркатуу үчүн асманга ок чыгарганын маалымдады. Ооганстандын расмий өкүлдөрү НАТОнун 18-майдагы рейдинен өлгөндөрдүн кеминде үчөө жайкын тургундар болчу дешсе, Түндүк альянс мерт кеткендер согушкерлер болчу деп айтып келатат. Кечээ күнкү нааразылык иш-чарасы маалында бери дегенде 12 киши ок жеп жан таслим болду.
XS
SM
MD
LG