Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Өкмөт башчылар кыргыз-орус алакасын талкуулашты


Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев кечээ КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Минск шаарына жасаган сапарынын алкагында Орусия өкмөт башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жана буга чейин түзүлгөн макулдашуулардын абалы жана келечеги тууралуу сөз болду.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов Минскидеги жолугушууда Евразия экономикалык шериктештигинин антикризисттик фондунан насыя алуу, тышкы карызды жөнгөрүү, Бажы биримдигине кирүү маселелери талкууга алынаарын “Азаттыкка” билдирген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG