Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:21

Кадыржан Батыровдун соту белгисиз мөөнөткө жылды


Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” билдирди. Кечээ күнкү соттук териштирүүдө Батыровдун жактоочусу Шадырбек Сопубеков ишти карап жаткан судья Жалал-Абад шаардык соту Сулайман Атакуловго ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн билдирген. Судья өзүнүн дарегине жөнөтүлгөн бул өтүнүчтү канааттандырып, натыйжада ишти башка судья карай турган болду. Натыйжада соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Жалал-Абад шаардык сотунда Кадыржан Батыров менен бирге Иномжон Абрасулов баштаган алты адамдын иши каралууда. Бул алты адамдын бардыгы башка өлкөлөрдө жүргөндүктөн өкүм сырттан чыгарылат. Башкы прокуратура тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө Батыровдун күнөөсү далилденгенин билдирген. Ал былтыркы түштүктөгү коогалуу окуялардын уюштуруучусу катары айыпталып жатат.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен болсо 3-майда корутундусун жарыялап жатып "Батыров жикчилдикке чакырып, өзбектер үчүн автономия сураган эмес" деп кабарлаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG