Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

“Манасчы” акыйкатчы


Сүрөттө калган тарых: Москвада өткөн фестивал, 1981-жыл
Сүрөттө калган тарых: Москвада өткөн фестивал, 1981-жыл

“Шырылдаң” берүүсүнүн коногу акыйкатчы Турсунбек Акун бала кезинен “Манас” айтып, кол ойнотуп комуз чертет.

Акыйкатчы Турсунбек Акун уулу "Азаттыктын" Бишкектеги студиясына келип, Атай Огонбаевдин "Кыз кербез" деген күүсүн шартылдатып комузда кол ойнотуп чертип отурду. Ал бала кезинен "Манас", "Семетей" эпосторунан үзүндү айтып, комуз чертип чоңойгон. Анын бир туугандарынын баары комузга жакын.

Бала кезинен кулагына "Манастын" саптары куюлуп

- Комузда кол ойнотуп, "Кыз кербезди" шартылдатып черткениңизге күбө болдук. Сизди "Манас" да айтып жиберет деп уктук эле. Ансыз деле иштериңиз чачтан көп. Бул өнөргө убакытты кантип бөлүштүрөсүз?

- Мен алты айда бир колум бошой калганда комуз чертип, жеңилдей түшөм. Ал эми "Манас" эпосунан болсо илхам келгенде айтам. Мен "Манасты" жаттап айтпайм. Илхамым келгенде "Семетей", "Сейтектен" бери айта берем.

- Азыр айта аласызбы, илхамыңыз келип турабы?

- Мен азыр бул жакка келатканда Конституция күнүнө карата концертти көрүп, кичине делебем козголо түштү эле. Азыр "Манастан" үзүндү айта кетейин.

Мага бөтөнчө Алманбет менен Чубактын чатагы абдан жагат. Алманбетти Манас бир тууган кылып кабыл алып, алты ай баккандан кийин Чубак экөөн Бээжинге чалгынга жиберет.

Экөө жолдо баратып, эс алуу маалында ордо ойноп атып, чырлашып, чатакташа кетишет. Ал экөөнүн ортосуна Манас түшө калып, бирөөнү оң колу менен бирөөнү сол колу менен кармап туруп, ачуусу келип экөөнү эки жакка ажыратат.

Мына ошондогу эпизоддон айтып берейин.

- Ээ-эй, Атаңдын көрү дүнүйө,
Арбыды мээнет күнүгө.
Жалпы түрктүн балдары,
Жамандык кылдым кимиңе.




- Манасчылык өнөргө кантип аралашып калдыңыз же бул жакка келерде эпостун үзүндүлөрүнөн жаттап алдыңызбы?

- Мурдагы жылы 80 жашында көзү өтүп кеткен ыраматылык атам Акун мен 5-6 жашымда "Манас" айтып берип, кулагыма куюлуп калса керек.

Акыйкатчы Степное айылындагы аялдар абагында, 18-февраль, 2011-жыл
Мен малчынын баласымын. Багып алышкан. Алты жашымда эле Чырпыкты, Ардакты деген жайлоодо атамдар менен көчүп-конуп, атамдын "Манасын" угуп чоңойдум.

Анан мен китепти эрте окудум. Ошол кезде “Тулпарлар” деген китепти беш жашымдан тарта эле окуп, баатырлардын аргымактары Аккула, Сарала, Мааникер жана башка тулпарларды окуп, андагы окуяларга ишенип ыйлап да жиберчүмүн.

Аска-тоодо "Манасты" жаңыртып

Турсунбек Акундун "Манас" айтуу шыгы Айыл чарба институтунда окуп жүргөндө ойгонот. Ал учурда окуу жайдын студенттерин мал чарбачылыгына тажрыйбалык иштерге аралаштырышчу.

"Карл Маркс" колхозунун Дөң-Талаа деген айылында сакмалда жүргөндө "Манас" айткысы келип жарым түндө асканын башына чыгып алып ай-талааны жаңыртат.

- Түнкү саат үчтө "Манас" айткым келип делөөрүп асканын башына чыгып кетиптирмин. Анан асма чыракты коюп алып "Манас" айтып жатканда жарым түндө алда-кайда жаңырат да. Мени менен чогуу сакмалга барган уйкудагы балдар чочуп туруп, үн чыккан жакты издеп барып мени табышат.

Бир-эки сааттай күпүлдөтүп "Манас" айтып, ээсим ооп жатып калыптырмын, тердеп. Мени жин тийдиби деп ойлошуптур. "Манас" менин түшүмө кирген жок. Болгону мен айткым келип эле айта берем. Азыр да арак-шарабы жок таза отуруштарда "Манас" айткым келгенде күпүлдөтүп кирем.

Менин үч балам - Расул, Эрбол, Нургазы "Манас" айтат. Кичүү уулум Нургазы Кыргызстан боюнча "Манас" айтуучулардын сынагында биринчи орунду алды.



Ветеринар комузчу

Акыйкатчы Турсунбек Акун Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун Ветеринардык факультетинде окуп жүрүп, 1976-78-80-жылдары өткөрүлгөн республикалык “Студенттик жаз” фестивалынын лауреаты болгон. Ал студент кезинде "Манас" айтып, комуз чертип, союздун 12 республикасын кыдырган.

1981-жылы СССРдин 26-курултайында Кыргызстандан комузчу Чалагыз Исабаев жетектеген комузчулардын курама тобу менен Москвада Кремль залында Атай Огонбаевдин “Маш ботойун” катыра чертишкен.

Ошол сахнада чоң комузчу Самара Токтакунова өнөрүн көрсөтсө, маркум Болот Миңжылкиев "Эсимдени" ырдап, комузчулар коштоп турушкан.

Турсунбек Акун Айыл чарба институтунда ветеринар адистиги боюнча диплом менен кошо комузчулар ансамблинин жетекчиси деген күбөлүккө да ээ болгон.
XS
SM
MD
LG