Эл аралык Валюта корунун мурдагы башчысы Доминик Стросс Кан үй камагында отурат. Кыз зордуктоого аракет кылган деп айыпталып жаткан Стросс Канды 1 миллион доллар күрөөнүн негизинде бошотуу чечимин Нью-Йорк соту бейшемби күнү чыгарды. Стросс Кан өзүнө каршы коюлган айыптоону төгүндөп жатат.
Франциядагы социалисттик партиянын жетекчиси Дэвид Ассолэй:
- Биз келерки жылкы президенттик шайлоого катышууга Доминик Стросс Кандын мүмкүнчүлүгү болбойт го деп болжоп атабыз. Апта ичиндеги иштерден кийин бул анык болуп калды окшойт, - деди.
Буга чейин Кан Франциядагы президенттик шайлоодо негизги талапкерлердин бири болот деген божомолдор айтылып келген.