Эртең, 23-майда, “Кыргызстандын кийинки президенти кандай болушу керек?” деген суроо алдында тегерек үстөл талкуусу уюштурулат. Иш-чарага “Тилектештик” жарандык кыймылы демилгелик кылууда. Саясатчы, юрист, экономист, укук коргоочу жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү катышкан талкууда мурдагы тышкы иштер министри, коомдук ишмер Эднан Карабаев жана саясат талдоочу Нур Омаровдун атайын баяндамалар менен чыгаары күтүлүүдө.
Өткөн жума күнү Жогорку Кеңеште ушул жылга белгиленген президенттик шайлоо күнүн тактоо маселеси козголгон. Оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоо качан өтөөрү июндун этегине дейре такталып калышы зарыл экендигин белгиледи.
Депутаттын айтымында, шайлоо болжол менен 10-октябрга туш келиши мүмкүн. (EK)