Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Грузияда бийликке каршы акция уланды


Тбилисиде өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыккан адамдардын айрымдары полициянын унаасына чабуул жасап, тартип коргоочулар аларды кууп таркатууга аракеттеништи. Полиция жаш агызуучу газ, желим союл колдонушканы кабарланууда.

Окуядан кийин президент Михаил Саакашвилинин бийликтен кетишин талап кылган митинг экинчи күн удаасы менен уланды. Маалыматтарга караганда, антиөкмөттүк акция Батуми шаарында да өттү. Президентти авторитардык башкаруу үчүн айыптап келаткан оппозиция соңку бир нече күндүн ичинде жүздөгөн активист камалганын билдирди. Саакашвилинин президенттик мөөнөтү 2013-жылы аякташы керек.

XS
SM
MD
LG