Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Британ аскерлери Ирактан толугу менен чыгарылды


Британия бүгүн Ирактагы аскерлерин чыгаруу жараянын бүтүрдү. Ошентип, Британиянын ал өлкөдөгү 8 жылдык миссиясы соңуна чыкты. 2009-жылы аскерлердин басымдуу бөлүгү чыгарылган, бирок британ адистери ирактын жоокерлерин машыктыруу жана Ирактын жээгин кайтаруу иштерин уланта беришкен. 8 жылдын ичинде согушта британиялык 179 аскер набыт болду. Контингенттин саны боюнча Британия АКШдан кийинки экинчи орунду ээлеп келген. Бир нече айдан кийин Вашингтон да өз аскерлерин Ирактан чыгарып бүтүүнү көздөөдө.

XS
SM
MD
LG