Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Депутаттар чек араны коргоо маселесин талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоо, түштүк аймактын чек арага жамаатташ аймактарындагы кырдаал, мамлекеттик чек араны коргоо тууралуу маселелерди талкуулайт. Жыйында вице-премьер-министр Шамил Атаханов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, башкы прокурордун орун басары, аскер прокурору Виктор Иванов маалымат беришет. Мындан сырткары чек арачылардын укук тартиби тууралуу да сөз болору күтүлүүдө. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG