Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Грузияда өкмөткө каршы демонстранттар полиция менен кагылышты


Кагылышуу борбор Тбилисиде кечээ орун алды. Андан бир күн алдында көчөгө чыккан оң миңдеген адам президент Михаил Саакашвилинин кызматтан кетүүсүн талап кылган эле. Бул өкмөткө каршы 2009-жылдан берки эң ири демонстрация болду. Грузин ички иштер министрлигин өкүлү Шота Утиашвили кечээги кагылышууга демонстранттардын полиция автоунаасына кол салганы түрткү бергенин айтса, оппозиция лидери Нино Буржанадзе кагылышуу алар тараптан башталбаганын билдирди.

Полиция автоунаага кол салган демонстранттарга каршы желим окторду жана көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Оппозиция лидерлеринин ырастоосунда, автоунаага кол салынышына алардын өкүлдөрүнүн бирин камоо аракети себеп болгон, акыркы бир нече күн ичинде оппозициянын ондогон активисттери камакка алынган. Оппозиция лидерлеринин бири Нино Буржанадзе нааразылык акциялары президент Саакашвили кызматтан кеткенче уланарын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG