Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:41

Майлы-Суу балдар үйүндөгү абал териштирилүүдө


“Кылым шамы” бейөкмөт уюму Майлы-Суу шаарындагы балдар үйүнө байланыштуу кырдаалды иликтеп жатат. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова “Азаттыкка” билдирди. Абдирасулованын айтымында, аларга балдар үйү жабылганы жатканы тууралуу арыз түшкөн. “Биздеги алдын ала маалымат боюнча шаардын мэриясы балдар үйүн жабуу эмес, 1-июлдан тарта каржылоону токтотуу тууралуу буйрук чыгарган экен, биздин өкүл барып эмне себептен каржылоо токтотулганы жатат, балдар үйү кийин кимге өтөт”, деген сыяктуу суроолорду иликтеп жатат”, дейт Абдирасулова.

Маалыматка караганда, Майлы-Суудагы балдар үйүндө учурда 300гө чукул багар-көрөрү жок томолой жана социалдык жетимдер тарбияланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG