Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

ЖК комитети Турусбековду кызматтан убактылуу четтетүүнү чечти


Бүгүн Жогорку Кеңештин Коопсуздук жана коргонуу комитети Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын төрага орун басары Чолпонбек Турусбековдун ишине байланыштуу талкуу курду. Анда келип түшкөн арыздар териштирилип жаткан чакта Турусбековду кызматтан убактылуу четтетүү тууралуу чечим кабыл алынды. Кабарчыбыздын маалымдашынча, комитет чечимин эми өлкө президентине жана УКМКнын төрагасына жөнөткөнү жатат. Турусбековдун ишине байланыштуу түшкөн арыздарды УКМК иликтеген. Атайын кызматтын төрага орун басары Марат Иманкулов комитет жыйынында анын жүрүшүндө арызда айтылгандар тастыкталбаганын билдирди. Бирок Аскер прокурорунун орун басары Нуркамал Набиев чек ара кызматынын төрага орун басары бир топ мыйзам бузууларга жол берген деп айтты. ЖКнын комитети УКМК жүргүзгөн иликтөөнүн негизинде Башкы прокуратурага дагы териштирүү жүргүзүүнү тапшырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG