Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Манас баатырды коргоо боюнча митинг өтөт


Бүгүн манасчылар жана демилгелүү топ Бишкекте Манас баатырды коргоо боюнча митингге чогулат. Бул тууралуу “Азаттыкка” манасчы Рысбай Исаков кабарлады. Иш-чарада Манас, Курманжан датка, Исхак Разаков сыяктуу тарыхый инсандардын атын ыйык сактоо талабы коюлуп, депутат Өмүрбек Абдрахмановдун мандатын тапшыруу талабы айтылат деп күтүлүүдө. Жыйынтыгында жалпы талаптар бириктирилип, демилгечи топ бир чечим кабыл алат.

Мындан мурдарак жергиликтүү маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринин жыйынында Абдырахманов Манас баатырды бандит деп Рысбек Акматбаевге теңештиргенин жазып чыгышкан. Абдрахманов бул маалыматты четке кагууда. Ал мындай акциялар анын оппоненттеринин ойлоп тапканы экенин “Азаттыкка” билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG