Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Ынтымакты бекемдөөдө диний лидерлердин ролу талкууланды


Президент Роза Отунбаева 23-майда Кыргызстан мусулмандары диний башкармалыгынын башкы муфтийи Чубак ажы Жалиловду кабыл алды. Жолугушууда этностор аралык ынтымакты бекемдөө боюнча чаралар жана диний лидерлердин бул процесстеги ролу талкууланды. Жалилов июнь трагедиясынын жылдыгынын алдында тынчтыкка жана ынтымакта жанаша жашоого чакыруу боюнча иш-чараларга диний ишмерлерди катыштырууга багытталган сунуштарын ортого салды. Июнь трагедиясынын жылдыгында муфтий жума намаз учурунда атайын кайрылуу окуй турган болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

2010-жылы июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал орун алып, 400дөн ашуун адам курман болуп, жүздөгөн жарандар ар түрдүү жараат алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG