Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:21

Евробиримдик Сирия менен Иранга каршы санкцияларын күчөттү


Биримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кечээги жыйынында макулдашылгандай, Сириядагы репрессияларга байланыштуу Европага каттоосуна тыюу салынуучу жана активдери тоңдуруучулардын тизмесине президент Башар Ассад менен бирге сириялык расмий өкүлдөрдүн бир нечеси киргизиле турган болду.

Сириянын тышкы иштер министри жаңы санкциялар Сирия менен катар Европанын өзүнүн кызыкчылыктарына да зыян келтирерин белгиледи. Ал эми Иран менен анын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш жоктугунан улам мурда киргизилген санкцияларга бул өлкөнүн дагы 100дөй ишканасы кошулат.

XS
SM
MD
LG