Бүгүн Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында жолго коюлган бомбадан 10 жумушчу набыт болду, 28 киши жараат алды. Кандагар талиптердин бешик жайы саналат. Согушчандар жакында жайкы чабуулдарды баштаганын жарыя кылган.
Кабылда сапарда жүргөн НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Ооган президенти Хамид Карзай менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында согушчандарды каруу-жарагын таштап, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кошулууга үндөдү:
-Мен Ооганстандын душмандарына айтар сөзүм айкын: эгер силер зобун-зордукту уланта берсеңер жеңишке жетпейсиңер, жеңилесиңер. Азыр тынчтык жолуна түшчү, “ал-Кайида” жана башка террорчу уюмдар менен байланышты үзчү, зобун-зордукту чанып, Ооганстандын Конституциясын сактоочу мезгил.
Расмуссен июлда өлкөнүн 7 провинциясындагы коопсуздукту камсыздоону Ооган күчтөрүнө өткөрүп берүү боюнча иштер алгылыктуу жүрүп жатканын белгилей кетти.