Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чараны уюштуруп жаткандардын бири, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди. “Тынчтык кербени” Жалал-Абаддын Токтогул районунан башталып, уюштуруучулар облустун Сузак, Базар-Коргон райондорунун эли менен жолугушуп, барган жерлерге роза гүлү тигилүүдө.
Бүгүн “Тынчтык кербенинин” уюштуруучулары Ош шаарынын Шейит-Дөбө, Он-Адыр, Нариман, Батыш кичи райондорун кыдырат. Андан соң Баткен облусунун чек арага жакын аймактарына аттанат.
Кыргызстандагы бир канча бейөкмөт уюмдардын жана диаспоралардын өкүлдөрү калкты тынчтыкка чакырып, былтыркы коогалуу окуяларда элдин колуна өтүп кеткен курал-жарактарды өткөрүп берүүгө үндөп, өлкөнү кыдырганы чыгышкан. Иш-чаранын соңунда Бишкекте ири жыйын өткөрүлмөкчү. (КЕ)