Бишкек шаарынын Турусбеков – Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Lee & Lara дүкөнүн тоногон адамдар табыла элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын нөөмөтчү бөлүмүнөн кабарлашты.
Кечээ түшкү саат үчтөр чамасында белгисиз, куралчан адам дүкөнгө кирип барып акча тоноп, кызыл унаага түшө качкан. Учурда акчанын суммасы такталууда. Дүкөндүн кызматкерлери жабыркаган эмес. (КЕ)