Мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболовдун биринчи-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата айтылган айыптоолору боюнча түзүлгөн депутатык комиссия бүтүмүн жарыялады. Оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов Жогорку Кеңештеги комитеттер аралык жыйында комиссия бир ай иш жүргүзгөнүн айтып, бул убакыт аралыгында комиссия мүчөлөрүнө ар кандай кысымдар болгонун ачыктады.
Биринчи вице-премьердин жарандыгы мыйзамсыз экендигине токтолгон Абдрахманов “ИИМ Бабановго паспорт берип, өз ыйгарым укутарынын чегинен чыгып кеткен” деп билдирди.
“1999-жылы Досалиев аттуу милициянын подполковниги Бабановдун арызын канааттандырып, ага Кыргызстан жарандыгын берүүгө уруксат берген. Мыйзам боюнча мындай уруксатты президент гана бере алмак”, – деди Абдрахманов.
2007-жылы Биринчи май райондук соту парламенттик шайлоонун алдында Бабановдун казак жарандыгы бар экендигин четке каккан чечим чыгарган. Бирок кийин Жогорку Сот ал чечимдин күчүн жокко чыгарган.
Ошол убакта Социал-демократтар атынан депутаттыкка аттанган Бабанов өзүнүн ордун тизмедеги кийинки мүчө - учурдагы президент Роза Отубаеванын пайдасына бошотуп берген эле.
Мунун алдында дагы бир депутаттык комиссия бул маселе боюнча өз жыйынтыгын чыгарган. Анын жетекчиси, Социал-демократтар фракциясынан депутат Токтогул Туманов Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен жана элчилигинен расмий маалымат алынганын, ага ылайык, Бабанов Казакстандын паспортун алганын, бирок ал расмий таанылбаганын "Азаттыкка" билдирди. (EK)