Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

АКШ Ош жана Жалал-Абаттын ишкерлерин колдоодо


Бүгүн Ош шаарында «Инвест Консалт» коомдук фонду "Салыктардан жеңилдетүү жөнүндө" мыйзамдар тууралуу ишкерлерге маалымат берет. Ушундай эле иш-чара 27-майда Жалал-Абад шаарында өткөнү турат. Мындай иш-чара буга чейин өткөн семинарлардагы талкууларды жана сунуштарды жыйынтыктайт.

Мындан сырткары Экономикалык тескөө министирлигинин өкүлдөрү чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясат жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрмөкчү. Ал эми Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясы июнь окуяларында жапа чеккен ишкерлерди колдоо боюнча жаңы мамлекеттик чаралар жөнүндө маалымат берет.

Аталган долбоор АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) "Өткөөл мезгилдеги демилгелер" программасы аркылуу ишке ашууда. Бул тууралуу Американын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG