Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:27

НАТОнун учактары Ливиянын борборуна сокку урууну улантууда


Триполиге соккулар өткөнү түнү да жасалды. Мамлекеттик “ал-Жамахрия” телеканалынын билдиргенине караганда, бутага алынган объектилер арасында кесиптик-техникалык окуу жай да болду. Билдирүүдө аба соккусу адам жана материалдык чыгым алып келгени жалпысынан айтылганы менен конкреттүү маалымат берилген жок. НАТОнун учактары ушуну менен Триполини үчүнчү күнү катар бутага алышты. Мунун алдында кечээ АКШ президенти Барак Обама менен британ премьер-министри Дэвид Камерон Лондондогу басма сөз жыйында Ливия лидери Муаммар Каддафиге каршы кысым басаңдабай турганын эскертишкен. Ливиядагы кырдаалды Чоң сегиздин өлкөлөрү бүгүн Францияда башталып жаткан саммитинде талкуулары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG