Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Армения парламенти мунапыс мыйзамын жактырды

Армениянын парламенти 400дөй туткунга мунапыс берүү сунушун колдоду. Азаттыкка чыга тургандардын арасында оппозициянын 6 активисти бар. Оппозиция муну өкмөт менен диалогго карай кадам деп сыпаттады. Мунапыс өлкө эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата жарыяланмакчы.

Оппозиционерлер 2008-жылкы шайлоодон кийин тутанган нааразылык акциялар учурунда кармалган. Мурдагы президент, оппозициядагы Улуттук конргесстин төрагасы Левон Тер-Петросян мунапыс планын кубаттап, ошол эле маалда президент Серж Саркисяндын каршылаштары эрте шайлоо өткөрүүнү талап кыла берээрин билдирди.
XS
SM
MD
LG