Кечээ НАТО жалпысынан Ооганстанда тогуз аскерин жоготту. Сегиз аскер, анын ичинде АКШнын жети жоокери Кандагар провинциясынын тоолуу Шорабак районундагы жарылуудан каза тапты. Мындан сырткары "Талибан" кыймылы жоопкерчилик алган бул жарылуудан эки ооган полиция кызматкеринин өмүрү кыйылып, экөө жарадар болду. Эл аралык күчтөрдүн дагы бир жоокери Ооганстандын чыгышында кечээ тик учак кыйраганда каза тапкан.