Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Ратко Младичтин тагдырын доктурлар чечет


Ратко Младичтин саламаттыгы Бириккен Улуттар уюмунун Гаагадагы Эл аралык трибуналына жөнөткөнгө ылайыктуубу же жокпу? Бул боюнча чечимди доктурлар бүгүн кабыл алыш керек. Младичтин адвокаты Милош Салйич 26-майда Белграддагы сотто айыпкердин абалы оор дегенден улам, соттук угуу токтотулган эле. Салйичтин билдиришинче:

- Тергөөчүнүн Ратко Младичти суракка алуу аракети ийгилик бербеди. Младичтин саламаттыгы начар. Ал доош чыгарбагандан улам сурак токтотулду. Дарыгерлер Младичтин абалын текшерип, суракка жарайбы же жокпу айтышат.

1992-95-жылдардагы Босниядагы согушта босниялык сербдердин аскер башчысы болгон Младич бейшемби күнү Сербияда кармалды. Ал адамзатка каршы кылмыш жасалды, анын ичинде Сребреницадагы 8 миң мусулманды кырганга жооптуу деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG