Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Сот Младич Гаагадагы сотко өткөрүлсүн деп чечти


Белграддын соту босниялык сербдердин мурдагы аскер башчысы Ратко Младичти БУУнун Гаагадагы трибуналына өткөрүп берилсин деп чечти.
Младич Босниядагы согуш кезинде адамдарды кырууга, ошондой эле 1995-жылы Сребреницада 8 миңдей мусулманды жок кылганга жооптуу деп күнөөлөнүүдө.

Соттун чечими тууралуу: "Младич Гаага сотунун айыптоосуна макул эместигин билдирди. Ал айыптоолорду четке какты. Сот аны экстрадициялоого мыйзамдуу негиз бар деп чечти. Соттун чечими генерал Ратко Младичтин адвокатына жана айыпталуучуга берилди. Ал дүйшөмбүгө чейин сот өкүмү боюнча доо арызын бере алат",-деп билдирди Сербиянын Жогорку Сотунун өкүлү Мая Ковачевич.

15 жыл ашык качып жүргөн Младич 26-майда Сербияда кармалган. Младичтин уулунун айтымында, эки жолу атасынын жүрөгү ооруп, оң колу шал болуп, жакшы сүйлөй албай калган.

Евробиримдиктин маалымдашынча, Младичтин кармалышы Сербиянын Биримдикке кошулуусун тездетет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG