Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

Өзбек чек арачылары чек арадан кыргыз жаранын атып, кармап кетишти


Кыргыз-өзбек чек арасында Ноокен районуна караштуу Чоң-Багыш айылынын тургунун Өзбекстандын чек арачылары атып, жарадар кылып кармап, алып кетишти. Бул жөнүндө “Азаттыкка” аталган айылдын тургуну Жумабаев Салимирза билдирди. Анын айтымында, Чоң-Багыш айылынын жашоочусу Жалалов Пазыл 27-майда түшкү саат он эки ченде чек арадан ары үч метр кирип кеткен үчүн өзбек чек арачылары аны бутка атып жарадар кылып, кармап алып кетишкен. Аны Өзбекстандын Пахта-Абад райондук ооруканасына алып барышты деген гана маалымат бар. Соңку сааттарда Пазылдын мерт болгону жөнүндө анын туугандары Жалал-Абаддагы кабарчыбызга билдиришти. Кыргыз чек арачылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул маалыматты азырынча тастыктай элек. (КС)

XS
SM
MD
LG