Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Бүгүн Кыргызстанда чек арачылардын күнү белгиленүүдө


Бишкектин чыгыш дарбазасындагы “Чек ара даңкынын гүлбагында” чек арачылардын күнүнө арналган салтанат болду. Салтанатка Чек ара кызматынын колбашчысынын орун басары Нишанов Акылбек жана Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов, ошондой эле алдыңкы чек арачылар, чек ара кызматынын ардагерлери катышты. Салтанатта алдыңкы чек арачыларга сыйлыктар тапшырылып, соңунда аскердик парад өттү.

Азыркы күндө Кыргызстанда чек ара аскерлеринин саны сегиз миңге жакын. Жалпы республиканын периметри боюнча 70 ке жакын чек ара тозоту бар. 28-май чек арачылардын күнү болуп 1999-жылы негизделген.(КС)

XS
SM
MD
LG