Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Кыргызстанда биринчи жолу жаштар парламенти түзүлөт


Жаштар парламенти Демократияны колдоо коомдук фондусу тарабынан ЮСАИДдин каржылык колдоосу астында уюшулууда. Жаңы уюмдун катарына саясий активдүү ишмердикти жүргүзүп жаткан он сегизден жыйырма алты жашка чейинки улан-кыздар сынактын негизинде тандалып алынат. Жаштар парламентинен саясий партияларга 14 орун, Бишкек жана областтарга 30 орун бөлүндү. Жаштар парламентин уюштурууну негизги максаты жаштарды саясий ишмердикке жана демократиялык салтка тарбиялоо. “Жаштар парламентине катышам деген жарандар саясий көз карашы жана билими абдан жеткилең болуш керек,-деди Демократияны колдоо коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Жолдошова. (МО)

XS
SM
MD
LG