Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Роза Отунбаева: Кыргызстанга көп улуттуу армия керек


Кыргызстандын алдында армияны бир улуттуу курамдан көп улуттуу курамга жеткирүү милдети турат. Бул жөнүндө бүгүн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 29-май кесиптик майрамына арналган салтанатта президент Роза Отунбаева баса белгилеп айта кетти.

-Ош окуясынан кийин менден жана биздин бир тобубуздан сурап келишет. Мына, армияга жалаң гана кыргыздар барып жатышат. Бүгүн абал ошондой болууда. Буга түшүнүктүү бир себеп, Кыргызстанда альтернативалык кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондон улам, аз сандагы башка улуттардын өкүлдөрүн эске албаганда биздин армия моно улуттуу болуп калууда. Коргоо министрлиги жакшылап ойлонуп, биз көп улуттуу армияга ээ болушубуз үчүн бул жаатта өз сунуштарын бериши керек,-деди президент.

Өткөн жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон тополоң-тоз окуяларга кыргыз армиясынын жоокерлери кошо аралашып, калыс турбай, бир улутка жан тартты деген сын-дооматка калган эле. (КС)

XS
SM
MD
LG