Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Ливан: БУУнун бейкуттук күчтөрүнө кол салуу болду


Ливандын түштүгүндө италиялык бейкуттукту сактоочулардын кербенине жакын жерде бомба жарылды.

Италиянын коргоо министри жардыруудан набыт болгондор жок, бирок алты аскер жарадар болуп, экөө оор абалда экенин билдирди.

Ливанда 12 миңге чукул БУУнун бейкуттукту камсыз кылуучу күчтөрүнүн аскерлери бар. Ливандын аймагындагы "Хезболла" тобунун согушкерлери менен Израилдин ортосундагы согуштук жаңжалдан кийин Улуттар уюму бул жердеги өз күчтөрүн бекемдеген.

XS
SM
MD
LG