Бүгүн Коргоо министрлигинин бардык аскер бөлүктөрүндө Улуу Ата Мекендик согуштун жана Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ооган жоокерлери менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан кийин 1992-жылдын 13-январында президенттин жарлыгы менен коргонуу боюнча мамлекеттик комитет түзүлүп, аны генерал-майор Жаныбек Үмөталиев жетектеген. Ушул эле жылы 29-майда өлкө башчысынын башка жарлыгы менен Кыргызстандын аймагындагы мурдагы Советтер Союзунун аскер бөлүктөрүн өлкө өз карамагына алган. Бул Куралдуу күчтөрдү түптөөнүн башаты болуп калган.
Кечээ өткөн Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө арналган салтанатта президент Роза Отунбаева Кыргызстандын алдында армияны бир улуттуу курамдан көп улуттуу курамга жеткирүү милдети турганын белгиледи. (EK)