Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:35

Ооганстанда жардырууда полиция башчысы мерт болду


Ооганстандын түндүгүндө бир нече жанкечтинин жардыруусунан набыт болгондордун арасында генерал Дауд Дауд, өлкөнүн түндүк аймагы боюнча полициянын башчысы бардыгы кабарланды. Набыт болгон жети кишинин ичинде Тажикстан менен чектеш Тахар провинциясынын полиция башчысы дагы бардыгы айтылууда.

Жардыруулар ооган полиция жетекчилеринин жолугушуусу өтүп жаткан маалда провинциянын губернаторунун резиденциясында болгон. Алдын-ала айтылган маалыматтарда, өлгөндөрдүн арасында чет элдиктер бар.

Жардырууну талип согушкерлери моюндарына алды.

XS
SM
MD
LG