Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Йемендик генералдар армияны Салехке каршы үндөштү


Йемендин экинчи чоң шаары Таизде бүгүн (30-май) үрүл-баралда демонстранттардын конушуна коопсуздук күчтөрү жасаган чабуулда 20 киши курман болгону кабарланды. Жоокерлер, маалыматка караганда, төрт айдан берки нааразылык акциясын токтотуу үчүн демонстранттардын чатырларына өрт койгон.

Зинжибар шаарына чукул жерде буктурмага кабылып, төрт аскер өлгөнү, бир нече аскер жарадар болгону маалымдалды. Шаарды жума күнү бир нече жүз ислам согушчандары басып алганы кабарланган.

Диссидент-генералдардын тобу президент Али Абдулла Салехти Зинжибар шаарына согушчандарга “өткөрүп берди” деп күнөөлөштү жана армияны төрт айдан берки анти-өкмөттүк козголушка кошулууга үндөштү.

XS
SM
MD
LG