Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Шашылыш эскертүү: сел жүрүшү мүмкүн


30-майдан 1-июнга чейин республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 31-майда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, кээ бир райондордо катуу жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25, Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 17...22, Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 22....27, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 15...20 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 15...20 градус жылуу болот. Тоолордо түнкүсүн ...-2...-7, күндүз 4...9 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында 31-майда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12..14, күндүз 22...24 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG