Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Россияга Испания жана Германиядан жашылча-жемиш ташуу токтотулду


Россия 30-майдан тарта Германия жана Испаниядан жашылча-жемиштерди ташып келүүгө тыйуу салды. Катаал чаранын киргизилишине бул эки өлкөдө өтө коркунучтуу ичеги инфекциясынын жайылуусу себеп болду. Инфекциядан Германияда он киши каза тапканы, алар дарт Испанияда консерваланган бадыраңдан жукту деп шектелип жатканы маалымдалды. Ошондой эле Швеция, Дания, Нидерландия жана Британияда бул инфекция табылганы айтылууда.

Испанияда консерваланган бадыраң Чехия, Австрия, Венгрия жана Люксембургга да экспорттолгону жөнүндө кабарлар бар.

XS
SM
MD
LG