Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Каза болгон милициянын туугандары сот залына киргизүүнү талап кылышууда


Бишкектин Октябрь райондук соту терроризм, киши өлтүрүү, талап-тоноо өңдүү кылмыш иштери боюнча шектелген “Жайшул Махди” уюмунун мүчөлөрүнүн ишин кароону улантууда. “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, өлтүрүлгөн милиция кызматкерлеринин жакындары сот залына киргизүүнү талап кылышууда. Судьялар болсо зал кичине экенин белгилеп жатышат. Сот жараянына айыпталуучулар, адвокаттар жана жабырлануучулар болуп 100гө чукул адам катышууда.

Террорчулардын уюму деп айтылган “Жайшул Махди” жамааты, сентябрь айында Бишкектеги синагогада жана ноябрь айында Спорт ордосунун алдында болгон жарылууга, Сокулуктагы АКШ жаранын тоноого жана жыл башында милиция кызматкерлеринин өлүмүнө катыштыгы болгон деп шектелүүдө. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул уюмдун он мүчөсү кармалганын кабарлаган. Эки мүчөсү январь айында Беш-Күңгөй айылындагы атайын операцияда мерт болгон. Ошол эле учурда кармалгандардын жакындары алардын эч кандай кылмышка катыштыгы жок экендигин белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG