Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

АКШ базасын өлкөдөн чыгаруу боюнча референдум өткөрүү сунушталууда


Бул тууралуу “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов баштаган айрым саясатчылар атайын билдирүү менен чыгып, Бишкектин “Манас” аба майданында жайгашкан АКШнын транзиттик жүк ташуучу борборун өлкөдөн чыгаруу маселесин референдумга алып чыгууну сунуштап жатышат. Билдирүү ээлери транзиттик борборду чыгаруу маселесин президенттик шайлоо учурунда добушка койсо боло тургандыгын айтышууда. Бул демилгени “Эл үнү” партиясы, “Кыргызстан элдеринин кеңеши”, “7-апрель жаштар кыймылы” партиясы колдоп жатышат.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен “Азаттыкка” берген маеги учурунда “Манас” аба майданындагы Транзиттик борборду жайгаштырганы жана Ооганстанда кырдаалды турукташтырууга кошкон салымы үчүн АКШ Кыргызстанга өтө ыраазы экенин белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG