Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:13

Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду


Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 3-июнь күнү түнкү саат 3төр чамасында очогунда 4,5 балл болгон жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, жер титирөөнүн очогу Жети-Өгүз айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты карай, Каракол шаарынан 17 чакырым түштүктү карай тараган.

Каракол шаарында жер силкинүүнүн күчү 3-3.5 балга жетти. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар, кыйроолор катталган жок. (EK)

XS
SM
MD
LG