Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Иранда кыргызстандык жаран 20 жылга эркинен ажыратылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, Улмас Маматханов “тыңчылык кылды” деген шек менен 2009-жылы май айында камакка алынган. Андан бери Маматхановго бир да тууганы жана жактоочусу кире алган эмес. Акыйкатчынын маалыматы боюнча, абакта Маматханов кыйноолорго дуушар болуп, ага коюлган айыпты мойнуна алууга аргасыз болгон.

“Ирандагы кыргыз консулу бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине бир нече ирээт кайрылганы менен майнап чыккан эмес”, - дейт акыйкатчы.

Четте жүргөн кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча өлкө аралык иш-аракеттер жүргүзгөн жок деп, акыйкатчы Турсунбек Акун тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кызмат ордунан четтетүү өтүнүчү менен президентке кайрылды. (EK)

XS
SM
MD
LG