Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Бекназаров: Кандуу окуяны үчүнчү күчтөр уюштурду


Июнь коогасы боюнча парламент талкуусуна Убактылуу өкмөттүн атынан катышкан Азимбек Бекназаров кандуу окуя үчүнчү күчтөр аркылуу уюштурулганын билдирди.

“Сырттан күчтөр өлкөдө иш алып барган бейөкмөт жана тартип коргоо уюмдары аркылуу иштеди. Бейөкмөт уюмдар уставында көрсөтүлгөн ишмердик чегинен чыгып кетүүдө”, - деди Бекназаров.

Ал “окуянын келип чыгышы боюнча Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн күүнөлөп, үчүнчү күчтөр ММК аркылуу иштеди. Биз маалымат майданында утулдук”, – деп кошумчалады.

Бекназаров июнь коогасы боюнча эл аралык жана жергиликтүү 12 комиссиянын корутундусу менен таанышканын билдирип, алардын жыйынтыктары боюнча анализи менен бөлүштү. “Чет элдик комиссиялар кыргыз бийлиги өзбек улутуна туура эмес саясат жүргүзгөндүктөн июнь коогасы орун алганын айтып атышат. Чындыгында андай болгон эмес”, – деп белгиледи. (EK)

XS
SM
MD
LG