Президенттин кеңешчиси, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Топчубек Тургуналиев юристтерден атайын топ түзүп, июнь коогасы боюнча Жогорку Кеңеш чыгарган токтомду которуп Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комиссиясына жолдоо сунушун берди.
Тургуналиев “Кыргызстанда көп улуттук топтор эбактан бери маданий автономия алган. Бирок мамлекеттик автономия алганга Кыргызстанда бир да улуттун укугу жок”, - деп айтты. Президенттин кеңешчиси июнь коогасын иликтөөгө алган эл аралык комиссиянын корутундусуна нааразылыгын билдирип, отчет Кыргызстанга аброй алып келбей турганын кошумчалады.
Парламентте июнь коогасы боюнча талкуу уланып, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Т.Тургуналиев, Т.Сариев жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев, УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев сөз алышты. Талкуу уланууда. (EK)