Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

ЕККУ өкүлдөрүн ким чакырганын депутаттар иликтешет


Ош жана Жалал-Абадда тартип коргоо органдарына көмөктөшүү үчүн иштеп жатканы айтылган ЕККУдан келген 23 полиция кеңешчилерин ким чакырып, аларга ким уруксат бергенин иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим Жогорку Кеңештин кечээки жыйынында кабыл алынды. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул комиссияга Жогорку Кеңештеги беш фракциядан экиден депутат кирди.

Европа Коопсуздук Келишими уюму түштүктөгү июнь коогалаңынан кийин тартип коргоо органдардын ишине байкоо салуу үчүн өзүнүн 52 куралсыз полиция кеңешчисин Кыргызстанга жөнөтүүнү чечкен. Бул коомчулукта нааразылыктарды жараткандыктан, аталган уюмдан 23 өкүл Кыргызстандын Ички иштер министрлигин реформалоо максатында «Коомдук коопсуздук демилгеси» деген долбоордун негизинде Ош жана Жалал-Абадга ушул жылдын январь айында келишкен болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG