Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Таласта ыңкылаптын айрым катышуучулары жыйынга чогулушту


Ушул тапта Талас шаарында апрель ыңкылабынын 500гө чукул катышуучулары жана жергиликтүү тургундар “Элдик курултай” деп аталган жыйын өткөрүп жатышат. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдиргендей, алар кечээ парламентте апрель жана июнь окуяларын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда Талас элине каралоолор айтылды деген жүйөнү билдиришүүдө. Өзгөчө “Ата Журт” фракциясынан депутат Жылдыз Жолдошеванын өткөн жылдын 6-апрелинде мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин Таласта сабалышын адамгерчиликсиз аракет катары баалаганына каршы болушууда.

Мындан улам чогулгандар Жогорку Кеңештин 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынтыгына жана депутат Жылдыз Жолдошеванын аракетине баа берилишин, апрель ыңкылабынын мүдөө-максаттары толук жүзөгө ашырылышын талап кылышууда.

Депутат Жылдыз Жолдошева дарегине айтылган сындардын негизсиздигин белгилеп, министрдин сабалашы боюнча Талас элин эч качан каралабаганын “Азаттыкка” билдирди. Ал болгону апрель жана июнь окуялары боюнча корутундусунда өткөн жылдын апрелинде Молдомуса Конгантиев айрым адамдар тарабынан мыкаачылык менен сабалганын эскертип гана өткөн. Мындан улам депутат бул жагдайдын анын беделине көө жапкан айыптоо катары баалап жатат.

Өткөн жылдын 6-апрелинде Талас шаарында Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы элдик толкундоолор башталган. Абалды жөнгөрүү үчүн барган ошол учурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев айрым жарандардын ур-токмогуна кабылган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG