Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

Нарын районунда кондитердик цех ачылды

Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызстан - Жаңы Зеландия” айылдык фонддун өкүлү Бакыт Эгембердиев кабарлады. Маалыматка ылайык, таттуу токочторду чыгара турган бул кондитердик ишкана Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылында жайгашкан.

“Кыргызстан - Жаңы Зеландия” айылдык фонддун колдоосу менен ачылган ишканага алгач беш адам жумушчу алынды. Бара-бара жумушчулардын саны кыйла көбөймөкчү. Ишкананын бүгүнкү ачылыш аземине Жаңы Зеландиянын Орусиядагы элчиси Ян Хилл жана жергиликтүү тургундар катышты. (ErB)
XS
SM
MD
LG