8-июнда Бишкекте жана бир катар облустарда калкты улут аралык ынтымакка үндөгөн флэш-моб акция уюштурулганы турат. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чаранынын демилгечиси болгон “Республиканын байлыгы” коомдук бирикмесинин өкүлү Сейил Максудова билдирди. Маалыматка ылайык, флэш-моб акция Бишкекте он жерде өткөрүлөт. Иш-чара өтө турган жерлер жана убактысы тууралуу маалыматтар катышууну каалагандарга интернеттеги социалдык түйүндөр, атайын жарыялар аркылуу билдирилет.
Акциянын катышуучулары окшош кийимдерди кийишип, бир убакытта, белгиленген жерлерде кокусунан көчөгө чыга калышат. Андан соң Кыргызстандагы улут аралык маселелерге көчөдөгү элдин көңүл бурганга аракет кылышат:
“Флэш-мобдо биз атайын өзгөчөлөнгөн кийимдерди киебиз. Колдорубузда Кыргызстандын картасы болот. Ал картага биз ар кыл улуттардын аталыштарын жазабыз. Сегиз бөлүмгө бөлүнгөн картаны чогултабыз да, картаны кошуп, Кыргызстандын бир экендигин, баарыбыз бир экенибизди элге көрсөтөбүз”,-деди Сейил Максудова.
Маалыматка ылайык БУУнун Өнүктүрүү программасы жана Кыргызстандын Жаштар иштери боюнча министрликтин колдоосу менен өткөрүлүп жаткан бул флэш-моб акцияга онго жакын диаспоралардын өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө.
Флэш-моб (англ. flashmob) – адамдардын коомдук жайларда кокусунан пайда болуп, алдын ала белгиленген аракеттерди жасап, элдин көңүлүн буруучу массалык акция. Флэш-мобдун ар кыл түрлөрү бар. Маселен, бул акциянын белгиленген жерде, бир убакта кыймылдабай катып калуу, коомдук жайларда кокусунан бий бийлөө өңдүү түрлөрү бар. (JCh/KKs)